АКШда Super Bowl чемпионатын майрамдоо учурунда кол салуу болду

Жооптуу кызматкерлер кол салуунун шаар аянтына майрам үчүн чогулган он миңдеген адамдар тарап жатканда болгонун жарыялашты.

2102685
АКШда Super Bowl чемпионатын майрамдоо учурунда кол салуу болду

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Канзас-Сити шаарында Super Bowl деп аталган Американын футбол чемпионатын майрамдоо учурунда ок атылган кол салуудан бир адам каза болуп, 21 адам жараат алды.

Жооптуу кызматкерлер кол салуунун шаар аянтына майрам үчүн чогулган он миңдеген адамдар тарап жатканда болгонун жарыялашты.

Кол салууда 22 кишиге ок тийгени, 1 кишинин каза болгондугу, жараланган 21 кишинин 8инин өмүрүнө коркунуч туудурган жаракат алгандыгы, 7 кишинин оор, 6 кишинин жеңил жараланганы белгиленди.

Саламаттыкты сактоо кызматкерлери окуяда ооруканага жаткырылган 11 баланын 9у октон жараат алганы тууралуу маалыматын бөлүштү.

Полиция башчысы Стейси Грейвс кол салууга катыштыгы бар делген үч кишинин камакка алынганын билдирди.

Грейвс кол салуунун 800дөн ашуун тартип сакчысы кызмат өтөгөн жерде болгонуна көңүл буруп, социалдык медиада тартылган видеодо качкан куралдуу кол салуучунун 2 киши тарабынан кармалып, полицияга өткөрүлүп берилгени көрүндү.

Маселеден кабардар болгон АКШ президенти Жо Байден «куралдуу кол салуу тууралуу көбүрөөк маалымат алууга аракет кылып жатышканын» билдирди.



Тектеш кабарлар