Түндүк Корея канаттуу ракеталарын учурду

Түштүк Кореянын Башкы штабынын билдирүүсүндө, Түндүк Кореянын жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00 чамасында Япон деңизине карай канаттуу ракеталарды учурганы белгиленди.

2102032
Түндүк Корея канаттуу ракеталарын учурду

Түштүк Корея Түндүк Кореянын Япон деңизине карай канаттуу ракеталарды учурганын кабарлады.

Түштүк Кореянын Башкы штабынын билдирүүсүндө, Түндүк Кореянын жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00 чамасында Япон деңизине карай канаттуу ракеталарды учурганы белгиленди.

Билдирүүдө, саны жана аралыгы толук такталбаган ракеталардын чыгыштагы Вонсан аймагынан учурулганы, мунун Түндүк Кореянын быйылкы бешинчи ракета сыноосу экени айтылды.



Тектеш кабарлар