Чилидеги өрттөрдө каза болгондордун саны 132ге жетти

Чилинин президенти Габриэль Борич 3-февралдагы билдирүүсүндө өзгөчө кырдаалдын (OHAL) жарыялаганын белгилеп, «Бардык командаларыбызды өрткө кийлигишүү үчүн өлкөнүн борбордук жана түштүк аймактарына багыттадык»,-деди.

2102004
Чилидеги өрттөрдө каза болгондордун саны 132ге жетти

Чилинин борбордук жана түштүк аймактарында болгон токой өрттөрүндө каза болгондордун саны 132ге жетти.

Чилинин Укуктук Саламаттыкты сактоо кызматы (SML) тарабынан жасалган билдирүүдө Валпараисо жана Вина-дель Мар шаарларында уланып жаткан өрттөн каза болгондордун санынын өскөндүгү белгиленди. Буга ылайык каза болгондордун саны  132ге жетип, өрттүн «толугу» менен көзөмөлгө алынышы үчүн абадан жана кургактыктан көзөмөлдөө улантылууда.

Валпараисо губернатору Родриго Мундака пресс - конференцияда токой өртүнүн натыйжасында 43 миң гектар жердин күлгө айланганын, болжол менен 15 миң үйдүн өрттөнгөндүгүн белгилеп: «Өрттөрдүн атайын чыгарылгандыгына  ишенебиз»,-деди.

Чилинин президенти Габриэль Борич 3-февралдагы билдирүүсүндө өзгөчө кырдаалдын (OHAL) жарыялаганын белгилеп, «Бардык командаларыбызды өрткө кийлигишүү үчүн өлкөнүн борбордук жана түштүк аймактарына багыттадык»,-деди.

Чилиде токой өрттөрү бир убакта көптөгөн аймактарда таасирдүү болуп, кыска убакыттын ичинде калктуу конуштарга жайылды.



Тектеш кабарлар