ЕБ Түркия менен кызматташтыкты тереңдетүүнү каалайт

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Бельгиянын борбор шаары Брюсселде расмий эмес жолугушуу өткөрүштү.

2097149
ЕБ Түркия менен кызматташтыкты тереңдетүүнү каалайт

Европа Биримдиги (ЕБ) Түркия менен кызматташтыкты тереңдетүүнү жана пикир келишпестиктерди кыска убакытта чечүүнү максат кылганын жарыялады.

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Бельгиянын борбор шаары Брюсселде расмий эмес жолугушуу өткөрүштү.

Күн тартибиндеги темалардын бири Түркия менен карым-катнаштар болгон жолугушуунун аягында Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл менен Бельгиянын тышкы иштер министри Хаджа Лахбиб басма сөзгө биргелешкен билдирүү жасашты.

Боррел : «Бардык мүчө мамлекеттер Түркия менен жакыныраак карым-катнаштарды түзүү боюнча бирдей пикирде»,-деди.

Евробиримдиктин жогорку өкүлү Боррелл сөзүн улап: «Чыр-чатактарды болтурбоо жана кызматташтыкты арттыруу үчүн Кипр маселесин эске алуу менен Түркия менен байланышуу керек. Түркия менен көбүрөөк алака түзүшүбүз керек, кызыкчылыктарыбыз кайчылаш болгон тармактарда иштешип, бири-бирибизден алыстаткан маселелерден оолак болушубуз керек»,-деп айтты.

Евробиримдиктин визанын либерализациясы сыяктуу темаларда жылыш жасоого даярбы деген суроого Боррелл: «Түркия менен күчтүү карым-катнаш түзүшүбүз керек дегенге баары макул, бирок бул окуялардын жүрүшүнө жараша болот. Виза маселеси боюнча эмне болоорун мен так билбейм. Бул маселе бүгүн талкууланган жок»,-деп өз баасын берди.

Бельгиянын тышкы иштер министри Лахбиб да: «Түркия глобалдык сахнада барган сайын маанилүү стратегиялык өнөктөш болуп баратат»,-деди.

«Түркия алмаштырылгыс өнөктөш»,-деп айткан Лахбиб Европа Биримдигине 10 өлкө кирген 2004-жылдагы кеңейүүнүн 20 жылдыгын белгилөө үчүн апрель айында өткөрө турган иш-чарага Түркияны чакыра тургандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар