Хуситтер: «АКШдан согуш коркутууларын алдык»

Хуситтердин Жогорку саясий кеңешинин мүчөсү Мухаммед Али аль-Хуси, социалдык медиа платформасындагы эсебинен жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жасады.

2095392
Хуситтер: «АКШдан согуш коркутууларын алдык»

Йемендеги хуситтер, Америка Кошмо Штаттары (АКШ): «АКШ Оман аркылуу Йеменге согуш ачабыз жана фронтторду мобилизациялайбыз деп коркуткан билдирүүнү жеткирди»,- деп билдирди.

Хуситтердин Жогорку саясий кеңешинин мүчөсү Мухаммед Али аль-Хуси, социалдык медиа платформасындагы эсебинен жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «АКШ Оман аркылуу Йеменге согуш ачабыз жана фронтторду мобилизациялайбыз деп коркуткан билдирүүнү жеткирди»,- деди.

Аль-Хуси Палестина элине колдоо көрсөтөөрүн белгилеп: «АКШнын бул коркутуусу Йемен элинин Газа тилкесиндеги Палестина элинин геноцид жана блокадасын четке каккандыгы үчүн болууда»,-деп айтты.

Эгер АКШ өз коркунучун ишке ашырса, анын натыйжасы ийгиликсиз болорун баса белгилеген аль-Хуси: «Биз аларга (АКШга) бул коркунучтарды ишке ашыруу үчүн ар кандай авантюра же акылсыздык ийгиликсиз аяктаарын жана эч бир душмандын аракети биздин элибизди Газаны колдоо максатынан токтото албасын билдиребиз»,-деп айтты.

Иран тарабынан колдоого алынган хуситтер Израилдин Газадагы кол салууларына реакция катары 31-октябрда Йемендин жээктеринде Израилдин фирмалары менен байланышы бар экенин айткан соода кемелерин колго түшүрүп, айрымдарына дрондор ​​жана ракеталар менен кол сала башташкан.

АКШ күчтөрү бул мезгилде Йеменден көп жолу атылган ракеталарды жана камикадзе дрондорду атып түшүрүшкөнүн жарыялашты.

Хуситтердин аракеттеринен кийин көптөгөн жүк ташуучу компаниялар Кызыл деңиздеги саякаттарын токтотуу чечимине келишти.

Глобалдык сооданын болжол менен 12 пайызы Жер Ортолук деңизди Кызыл деңизге туташтырган жана Европа менен Азиянын ортосундагы эң кыска жолду сунуш кылган Суэц каналы аркылуу ишке ашат.



Тектеш кабарлар