Британиянын Тышкы иштер министри Түркияга сапар менен келет

Кэмерондун Түркиядагы өкмөт өкүлдөрү менен жолугушуусунда аймактык коопсуздук жана Жакынкы Чыгыштагы башка маселелерди талкуулай тургандыгы маалымдалды.

2092866
Британиянын Тышкы иштер министри Түркияга сапар менен келет

Британиянын Тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Газада ырааттуу ок атышпоо аракетинин алкагында Түркия, Израиль, Палестина жана Катарга сапар менен барат.

Британиянын тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө Кэмерондун бул жумада аймактагы жогорку даражалуу лидерлер менен өткөрө турган жолугушууларында Газага дагы көп гуманитардык жардам жеткирүү, туткундарды бошотуу жана  туруктуу ок атышпоого жетишүүгө көңүл бура тургандыгы белгиленди.

Билдирүүдө Кэмерондун Түркиядагы өкмөт өкүлдөрү менен жолугушуусунда аймактык коопсуздук жана Жакынкы Чыгыштагы башка маселелерди талкуулай тургандыгы билдирилип : «Британия менен Түркиянын ортосунда тыгыз өнөктөштүк бар жана биз НАТО менен Украинага колдоо көрсөтүү, терроризм жана мыйзамсыз миграция менен күрөшүү боюнча маанилүү иштерибизди улантабыз»,- деп айтылды.  

Билдирүүдө Кэмерондун Израилде премьер - министр Биньямин Нетаньяху жана тышкы иштер министри Исраэль Катц менен жолугушуп, Газага гуманитардык жардамды тез жана олуттуу түрдө көбөйтүүгө чакыра турганы жана өлкөсүнүн жарандык жоготуулардын көптүгүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирери маалымдалды.

Тышкы иштер министри Кэмерондун Газага жардам үчүн Ашдод порту жана Керем Шалом чек ара дарбазасы да болгон  көптөгөн өткөөл пункттардын колдонулушу, суу, күйүүчү май жана электр энергиясынын нормалдуу абалга келтирүү талабын кайталайт.

 



Тектеш кабарлар