Кытайда мектеп жатаканасында өрт чыкты

Өрттө 13 окуучу каза болду.

2091189
Кытайда мектеп жатаканасында өрт чыкты

Кытайда мектеп жатаканасында чыккан өрттөн 13 окуучу каза болду.

Кытайдын Хэнань провинциясынын Наньян шаарында бала бакча жана башталгыч класстын окуучулары болгон   менчик мектептин жатаканасында түнкүсүн өрт чыкты.

 

Себеби азырынча белгисиз болгон өрттө  13 окуучу каза болуп, 1 окуучунун ооруканада дарыланып жаткандыгы билдирилди. 

Өрт чыккан учурда бөлмөдө 30 окуучу болгон жана  16 киши  эвакуацияланды. 

Жатакананын 2 - кабатында с кыздар, 3 - кабатында эркек окуучулардын  калганы билдирилип,  бала бакчанын тарбиялануучуларынын дем алыш күндөрү үй-бүлөлөрүнө жөнөтүлгөнү белгилүү болду.

Окуя тууралуу териштирүү баштатылып, мектептин директору камакка алынды. 

 

 



Тектеш кабарлар