Израилдин Газага кол салуулары уланып жатат

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Израилдин Газа тилкесине 95 күндөн бери уланып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

2086329
Израилдин Газага кол салуулары уланып жатат

Израилдин блокададагы Газа тилкесине 7-октябрдан берки кол салууларында каза болгон палестиналыктардын саны акыркы 24 саатта 126га көбөйүп 23 миң 210го жетти.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Израилдин Газа тилкесине 95 күндөн бери уланып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Израилдин Газа тилкесине кол салууларында акыркы 24 саатта 126 палестиналыкты өлтүрүп, 241 кишини жарадар кылганы кабарланган билдирүүдө, тез жардам жана жарандык коргонуу топтору жете албаган урандылардын астында дагы деле адамдардын да бар экени айтылды.

Билдирүүдө Израиль күчтөрүнүн акыркы 24 саатта «12 кыргын» жасаганы белгиленип, 7-октябрдан берки кол салууларда каза болгон палестиналыктардын саны 23 миң 210го, жаралуулардын саны 59 миң 167ге жеткени маалымдалды.



Тектеш кабарлар