Аббас Египетте Сиси менен жолугушту

Палестинанын расмий WAFA агенттигинин маалыматына караганда, Аббас сапарынын алкагында Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси менен Каирдеги Иттихадие сарайында жолугушту.

2085894
Аббас Египетте Сиси менен жолугушту

Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас Каирдеги Иттихадия сарайында Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси менен жолугушту.

Палестинанын президенти Махмуд Аббас, Палестина элинин мажбурлап көчүрүлүшүн четке кагышкандарын айтты.

Палестинанын расмий WAFA агенттигинин маалыматына караганда, Аббас сапарынын алкагында Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси менен Каирдеги Иттихадие сарайында жолугушту.

Аббас Сисиге оккупацияланган Палестина аймактарындагы, өзгөчө блокададагы Газа тилкесиндеги акыркы абалдар тууралуу маалымат берди.

Израилдин Палестина элине кол салууларын токтотуу үчүн бардык тараптар биргелешип иштеши керектигин белгилеген Аббас, «Палестиналыктардын Газа тилкесинен, Батыш Шериадан же Кудстан мажбурлап көчүрүлүшүн таптакыр четке кагаарын» баса белгиледи.

Аббас, аймакта күчөгөн чыңалуунун жалгыз чечүүчү жолунун Израилдин «борбор шаары Кудс болгон Палестина мамлекетинин жерлерин басып алуусун токтоткон саясий чечим» экенин белгиледи.

Жолугушууга Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун Аткаруу комитетинин башкы катчысы Хусейн аль-Шейх, Палестинанын чалгындоо кызматынын башчысы Мажид Фарец, Палестинанын президентинин дипломатиялык катчысынын орун басары Мажди аль-Халиди жана Палестинанын Каирдеги элчиси Дияб аль-Лух катышты..



Тектеш кабарлар