Израилдин Газага кол салуулары тыйыла элек

Израиль Газа тилкесинде карапайым калкты кырууну улантууда.

2085239
Израилдин Газага кол салуулары тыйыла элек

Израиль Газа тилкесинде карапайым калкты кырууну улантууда.

Израиль армиясы Газадагы Аль-Мегази качкындар лагеринде жайгашкан Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыштагы Палестиналык Качкындарга Жардам жана Иштер агенттигине (UNRWA) таандык бир мектепти абадан жана деңизден кол салуу менен бутага алды. Кол салууда кеминде 4 палестиналык каза болуп, айрымдары жараланды.

Израилдин согуштук учактары Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарында Израилдин кол салууларынан качкандар баш калкалаган үйгө да сокку урду.

Кол салууда көбү балдар болгон кеминде 12 палестиналык набыт болуп, 50 киши жаракат алды.

Израиль басып алган Батыш Шериада жана Чыгыш Кудста рейддерин жана кол салууларын улантууда.

Израилдик аскерлердин учкучсуз учуучу аппарат (УУА) менен Женин шаарына кол салуусунан 4ү бир үй-бүлөдөн болгон 6 палестиналык шейит болду.

Наблус, Бейтүллахимм, Селфит жана Чыгыш Кудста жүргүзүлгөн рейддерде 22 палестиналык кармалып, үйлөрүнө зыян келтирилди.

Палестиналык туткундар коому жана Палестиналык туткундар иштери боюнча комитети Израиль күчтөрүнүн Батыш Шериа жана Чыгыш Кудстагы адамкерчиликсиз иш-аракеттерине байланыштуу билдирүү жасады.

Газага кол салуулар башталган 7-октябрдан бери басып алынган Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста камалган палестиналыктардын санынын 5 миң 680ге жеткени белгиленди.

Израилдин түрмөлөрүндө жана камак жайларында камалган палестиналык туткундардын саны 8 миң 800гө жеткени билдирилди.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге карата «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Буга жооп катары Израил армиясы согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине каршы «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган.

Израил күчтөрү 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларында 10 миң бала жана 7 миң аялды өлтүрдү.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлиги Израиль армиясынын акыркы 24 сааттагы кол салууларында каза болгондордун саны 113кө өсүп, 22 миң 835ке жеткенин билдирди.

Жарадар болгондордун саны 58 миңден ашкан 2,3 миллион калкы бар Газа тилкесинде 2 миллион адам жер которууга аргасыз болуп, 70 пайызы балдар жана аялдар болгон 7 миң киши дагы эле дайынсыз.



Тектеш кабарлар