Мексикада чакан учак кырсыкка учурады

Кырсыкта 4 киши каза болду.

2085089
Мексикада чакан учак кырсыкка учурады

Мексиканын Коахуила штатында кырсыкка учураган чакан учакта 4 киши каза болду.

Жарандык коргоо кеңешчилигинин билдирүүсүнө караганда Техас штатындагы Бронвнсвилл аэропортунан учуп чыккан N6074A номерлүү чакан учак Гвадалупе аэропортуна жакын жердеги бош жерге кулап түшкөн.

Кырсыкта араларында 2 бир тууган да болгон 4 киши каза болду. Каза болгондордун арасында  Матаморос шаарынын мурдагы муниципалитет башчысынын да бар экендиги билдирилди. 

Коахуила штатынын Башкы прокуратурасы жана Федералдык жарандык авиация кырсыктын себептерин иликтөөгө киришти.



Тектеш кабарлар