12 өлкөдөн хусилерге эскертүү

12 өлкө  биргелешкен билдирүү менен Кызыл деңиздеги кол салуулардан улам Йемендеги хусилерди катуу эскертти.

2084043
12 өлкөдөн хусилерге эскертүү

12 өлкө  биргелешкен билдирүү менен Кызыл деңиздеги кол салуулардан улам Йемендеги хусилерди катуу эскертти. 

Америка башкаруусу тарабынан жасалган жана бул өлкө менен бирге Австралия, Бахрейн, Бельгия, Канада, Дания, Германия, Италия, Япония, Нидерландия, Жаңы Зеландия жана Британия кол койгон биргелешкен билдирүүдө кол салуулары менен Кызыл деңиздеги кеме кыймылына таасир тийгизген хусилер бутага алынды.

Бул кол салуулардын дүйнөлүк деңиз соодасына жана  миллиондогон кишинин өмүрүнө тескери таасирин тийгизгендиги белгиленип : "Бул мыйзам тышы кол салуулар дароо токтотулуп жана мыйзамсыз кармалган кемелердин бошотулушу үчүн аракет кылуудабыз",- деп айтылды. 

Билдирүүдө булар белгиленди : "Адам өмүрүн, глобалдык экономиканы жана эркин соода агымына тескери таасирин тийгизүүнү уланта турган боло мунун жоопкерчилиги хусилердин мойнунда болот".

Кызыл деңизде соода кемелери учураган кол салуулар жана фирмалардын бири биринин артына каттамдарды токтотуу чечимдери глобалдык экономикада жаңы бир «жеткирүү чынжыр кризисинин» башталаарына байланыштуу тынчсызданууну күчөттү.

 



Тектеш кабарлар