Израиль күчтөрү Кудста ТРТ эфирине бөгөт болду

Израилдик күчтөр дагы бир жолу басма сөз өкүлдөрүн бутага алышты.

2079777
Израиль күчтөрү Кудста ТРТ эфирине бөгөт болду

Израиль күчтөрү, оккупациядагы Чыгыш Кудста Түркиянын радио жана телекөрсөтүү мекемесинин (ТРТ) түз эфирине бөгөт болду.

Израиль полициясы түз эфир аппаратынын кабелин тартып алып, берүү үзгүлтүккө учурады.

Бир нече жумадан бери Аль-Акса мечитинде жума намазга тоскоол болгон Израиль полициясы Аксанын айланасында жума намазын окугусу келген палестиналыктарга кийлигишти.

Израилдик күчтөр дагы бир ирет басма сөз өкүлдөрүн бутага алышты.

Израилдин коопсуздук күчтөрү TRT Хабер телеканалынын түз эфирине тоскоол болууга аракет кылды. Израиль полициясы түз эфир аппаратынын кабелин тартып алып, берүү үзгүлтүккө учурады.

7-октябрдан бери Газада кыргындарды кылган Израиль, Месжидул Аксада да мыйзам бузууларын арттырды.

Кол салуулардын көлөкөсүндөгү 11- жума күнү да Акса мечитинин айланасы темир тосмолор менен курчалды.

Аксага кирүүнү каалаган палестиналыктарды ичкери киргизбей коюшту.

Израиль күчтөрүнүн Акса мечитинде намаз окууну каалаган палестиналыктарга карата кеңири чектөөлөрү 11 аптадан бери уланууда. Израилдин чектөөлөрүнүн айынан жума намазында Акса мечитинин бош калганы байкалды.

Израиль аскерлери өзгөчө жума күндөрү палестиналыктарды Акса мечитине киргизбей жатат. Аксанын айланасында чогулган палестиналыктарга катуу кийлигишүүдө.



Тектеш кабарлар