BioNTech Африкадагы биринчи вакцина заводун ачты

2025-жылы толук кубаттуулукта иштей баштай турган заводдо жылына 50 миллион дозага чейин вакцина чыгаруу пландалууда.

2078445
BioNTech Африкадагы биринчи вакцина заводун ачты

Германиянын биотехнологиялык компаниясы BioNTech Африкадагы биринчи вакцина ишканасын Руанданын борбору Кигалиде ачты.

«BioNTainer» деп аталган контейнерлерден турган жана курулушу 2022-жылы башталган ишкана Африка өлкөлөрү үчүн mRNA негизиндеги вакциналарды чыгарат.

Ишкананын ачылышына Руанданын президенти Пол Кагаме, BioNTech компаниясынын башкы директору жана негиздөөчүсү профессор доктор Угур Шахин жана коноктор катышты.

Ачылыштагы сөзүндө Шахин, Африкада туруктуу mRNA вакцина экосистемасын курууну каалашкандарын айтты.

Президент Кагаме болсо өндүрүштүк жайдын континенттин вакцинага жетүү мүмкүнчүлүгү үчүн бурулуш учур экенин билдирди.

2025-жылы толук кубаттуулукта иштей баштай турган заводдо жылына 50 миллион дозага чейин вакцина чыгаруу пландалууда.

Компания Ковид-19дан тышкары, жаңыдан иштелип чыккан mRNA негизиндеги безгекке жана кургак учукка каршы вакциналарды бул жерде өндүрүүнү максат кылууда.



Тектеш кабарлар