АКШ жана Канадада сальмонелла эпидемиясы: 8 адам каза болду

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун (CDC) билдирүүсүндө, ноябрдын ортосунан бери 38 штатта 230 кишинин сальмонелла эпидемиясынан таасирленгени кабарланды.

2074295
АКШ жана Канадада сальмонелла эпидемиясы: 8 адам каза болду

Сальмонелла эпидемиясынан улам АКШда 3, Канадада 5 адам каза болуп, жүздөгөн адамдар ооруканага жаткырылды.

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун (CDC) билдирүүсүндө, ноябрдын ортосунан бери 38 штатта 230 кишинин сальмонелла эпидемиясынан таасирленгени кабарланды.

Билдирүүдө бейтаптардын 96сынын ооруканага жаткырылганы, 3 кишинин каза болгону айтылды.

Канаданын саламаттыкты сактоо кызматкерлери да 129 учур аныкталып, ооруканага жаткырылган 44 адамдын 8инин каза болгонун маалымдашты.

CDC, оорунун булагы базарларда кесип сатылган коондор экенине көңүл буруп, элди кайдан келгени белгисиз коондорду сатып албоого жана колдонбоого чакырды.

АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгы (FDA) да эпидемияга байланышы бар бренддердин продукциясын чакыртып алганын жарыялады.



Тектеш кабарлар