Путин - Салман жазуу түрүндө биргелешкен билдирүү жасады

Россиянын президенти Владимир Путин менен Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман “Палестина аймагындагы аскердик операцияларды токтотууга” чакырышты.

2073968
Путин  - Салман   жазуу түрүндө биргелешкен  билдирүү жасады

Россиянын президенти Владимир Путин менен Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман “Палестина аймагындагы аскердик операцияларды токтотууга” чакырышты.

Сауд Арабиянын SPA маалымат агенттигинин маалыматына караганда, расмий жолугушуулар үчүн кечээ Эр-Риядга барган Путин менен Бин Салман бүгүн жазуу түрүндө биргелешкен билдирүү жарыялашты.

Билдирүүгө  караганда, Путин менен Бин Салман кечээ Эр-Рияддагы Аль-Ямаме сарайындагы жолугушууда эки тараптуу карым - катнаштарды өнүктүрүү жана эл аралык, аймактык маселелерди талкуулашты.

Коргонуу жана коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты жана терроризм, радикализм жана аларды каржылоо менен күрөшүүдө координацияны бекемдөөгө басым жасалып, Газадагы гуманитардык апаатка байланыштуу тынчсызданууларын билдиришти.

Путин менен Бин Салман Палестина аймагындагы аскердик операциялар токтоп, жарандарды коргоо керектигин жана эл аралык гуманитардык уюмдарга өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүктүн берилиши керектигин деп баса белгилешти.

Орус президент жолугушууда  Сауд Арабия менен Ирандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин март айында кайра жанданышы «аймакта коопсуздукту жана стабилдүүлүктү чыңдоого, өлкөлөрдүн эгемендигин сактоого жана Ирандын ички иштерине кийлигишпөөгө салым кошот деген оюн билдирди. 



Тектеш кабарлар