Хүсейин Эмир Абдуллахиян Азербайжан менен карым - катнаштардын "туура жолдо" экендигин айтты

Абдуллахиян менен азербайжандык кесиптеши  Жейхун Байрамов Москвада өткөн жана Казакстан, Россия менен Түркмөнстан да катышкан Каспий өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алкагында жолугушту.

2073209
Хүсейин Эмир Абдуллахиян  Азербайжан менен  карым  - катнаштардын "туура жолдо" экендигин айтты

Ирандын тышкы иштер министри Хүсейин Эмир Абдуллахиян Азербайжан менен карым  - катнаштардын «туура жолдо» бара жаткандыгын айтты.

Ирандын расмий маалымат агенттиги ИРНАнын кабарына караганда тышкы иштер министри Абдуллахиян менен азербайжандык кесиптеши  Жейхун Байрамов Москвада өткөн жана Казакстан, Россия менен Түркмөнстан да катышкан Каспий өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алкагында жолугушту.

Жолугушууда Азербайжан менен Ирандын ортосундагы карым  - катнаштардын «туура жолдо» бара жаткандыгын айткан Абдуллахиян эки өлкөнүн лидерлеринин ортосундагы акыркы сүйлөшүүлөрдө карым  - катнаштардын ар тармакта  өнүктүрүлүшү багытында кадамдардын ташталгандыгын эске салды.

Тегеран жана Бакунун ортосунда коридор ачуу, соода кызматташтыгы, жарым калган проектилер тууралуу да жакшы келишимдердин түзүлгөнүн белгилеген Абдуллахиян эки өлкөнүн эки тараптуу карым  - катнаштарды ылдамдатуу үчүн экономикалык, маданий, саясий, коопсуздук жана туризм тармактарын иштетүүгө аракет кылышкандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар