Индонезияда жанар тоонун атылышы: 22 адам каза болду

Мерапи жанар тоосунун атылышынан жалпы 75 альпинисттин жабыркаганы билдирилди.

2072896
Индонезияда жанар тоонун атылышы: 22 адам каза болду

Индонезиянын Суматра аралынын батышында жайгашкан жана 3-декабрда атылган Мерапи жанар тоосунда 22 альпинист каза болду.

Окуяга байланыштуу жергиликтүү булактардан берилген маалыматта, Мерапи жанар тоосунун атылышынан жалпы 75 альпинисттин жабыркаганы билдирилди.

Жетекчилер, Мерапи вулканындагы жарылуудан алгачкы аныктоолорго караганда 11 альпинисттин каза болгонун, 12 альпинистти издөө иштеринин уланып жатканын кабарлашкан.

"Тынч океандын от шакеги" жер титирөө жана вулкан тилкесинде жайгашкан Индонезияда 130 активдүү вулкан бар.



Тектеш кабарлар