Газада каза болгондордун саны

Билдирүүдө Израилдин кол салуусунан кийин мектепте көп сандаган кишинин каза болгондугу жана жараланганы кабарланды.

2072769
Газада каза болгондордун саны

Израиль армиясынын Газа тилкесиндеги чабуулдары күчөп уланып жатат.

Хамастын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Израилдин Газанын түштүгүндөгү Хан Юнус шаарында көптөгөн киши баш калкалаган Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыштагы Палестиналык качкындарга жардам жана коомдук иштер агенттигине (UNRWA) караштуу Муин мектебин бомбалаганы белгиленди.  

Билдирүүдө Израилдин кол салуусунан кийин мектепте көп сандаган кишинин каза болгондугу жана жараланганы кабарланды.

Палестинанын расмий маалымат агенттиги WAFA да, Израилдин согуштук учактарынын Хан Юнус шаарына жасаган кол салууларында кеминде 40 кишинин каза болгонун билдирди.

Израиль армиясы Дейр ал-Балах шаарындагы Нусейрат качкындар лагерин да бомбалап, 10 киши набыт болду.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлиги кечээ Израилдин Газа тилкесиндеги кол салууларында каза болгон палестиналыктардын санынын 376га көбөйүп 15 миң 899га жеткенин жарыялаган.

Министрлик Израилдин 7-октябрдан бери блокададагы Газа тилкесине карай кол салууларында каза болгондордун 70 пайызынын аялдар жана балдар экенин, жаралангандардын санынын болсо 42 миңге жеткенин маалымдады.



Тектеш кабарлар