Украинадагы катуу суук: 10 киши каза болду

Суук аба ырайы Украинанын Одесса, Киев, Миколаев, Черкассы, Кировоград жана Харьков облустарындагы жашоого терс таасирин тийгизди.

2069876
Украинадагы катуу суук: 10 киши каза болду

Украинада дем алыш күндөрү катуу сууктан 10 адам каза болуп, 23 адам ооруканага жаткырылды.

Суук аба ырайы Украинанын Одесса, Киев, Миколаев, Черкассы, Кировоград жана Харьков облустарындагы жашоого терс таасирин тийгизди.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, калың жааган кардан жана бороондон улам 14 автожол каттамга жабылып, 16 аймакта электр энергиясы үзгүлтүккө учурады.

Кардын кесепетинен тыгылып калган көптөгөн унаалар жана адамдар куткарылды.

Аба ырайынын начардыгынан Одесса, Харьков, Миколаев жана Киев облустарында жалпысынан 10 адам каза болуп, 23 адам, анын ичинде 2 бала гипотермиянын белгилери менен ооруканага жаткырылды.

Аймактардагы жагымсыз аба ырайынын кесепеттерин жоюу аракеттери уланып жатканда, Миколаев жана Кировоград облустарында 8 жол жабылып, 11 аймактагы 411 калктуу конушта электр энергиясынын өчүрүлгөнү белгилүү болду.



Тектеш кабарлар