Израиль менен Хамастын ортосундагы туткундарды алмашуу

Израил менен Хамастын ортосундагы туткун алмашуу келишиминин алкагында Израиль түрмөлөрүндөгү 24 аял,  18 жаштан кичүү  15 бала  болгон жалпы 39 палестиналык туткун бошотулду.

2068670
Израиль менен Хамастын ортосундагы туткундарды алмашуу

Израиль менен Хамастын ортосундагы туткун алмашуу келишиминин алкагында Израиль түрмөлөрүндөгү 24 аял,  18 жаштан кичүү  15 бала  болгон жалпы 39 палестиналык туткун бошотулду.

Хамас тарабынан бошотулган 13 израилдик туткун Израилге баргандан  көп узабай оккупациядагы Батыш Шериада Офер түрмөсүнөн 39 палестиналык туткунду бошотуу шарты менен Эл аралык Кызыл Крест комитетинин кызматкерлерине өткөрүлдү.

Бошотулган  туткундарды   тосуп алуу үчүн жүздөгөн палестиналык Палестина жана Хамас желектери менен Батыш Шерианын Бетунья  аймагына чогулду. 

Израиль аскерлери Бетуньяда чогулган палестиналыктарга  көздөн жаш агызуучу газ менен кийлигишти.

Палестиналыктар маал-маалы менен израилдик аскерлерге фейерверк ыргытышты.

Окуялардан кийин  көп өтпөй бошотулган палестиналык туткундарды ташыган автобустар Бетуньяга барды.

Израиль аскерлери  автобустардын айланасына чогулган палестиналыктарды дагы бир жолу үн чыгаруучу граната жана көздөн жаш агызуучу газ менен таратууга аракет кылышты.

Туткундарды ташыган автобустар шаардын борборун көздөй жылууга аракет кылып,  Израиль аскерлери аймактагы палестиналыктарга каршы маал-маалы менен кийлигишүүнү улантты.

Хамас менен Израиль келишкен "кагылышууларга гуманитардык тыныгуу берүү келишиминин" негизинде Израилдин түрмөлөрүндөгү 39  палестиналык туткун, Израилдеги  Дамон жана Мегиддо түрмөлөрүнөн чыгарылып убактылуу Батыш Шериадагы Офер түрмөсүнө алып барылган. 

Израиль менен Хамастын ортосундагы кагылышууларга  4 күндүк гуманитардык тыныгуунун берилишине байланыштуу келишим  24 -  ноябрь жума күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат  07: 00дө күчүнө кирди. Келишимге ылайык, Израилдин түрмөлөрүндө  жаткан 150 палестиналык Хамастын туткунундагы 50 израилдик туткун менен алмашылат. Бошотула турган туткундардын арасында эки тарапта  тең аялдар жана балдар бар.

 



Тектеш кабарлар