Газада өлтүрүлгөн жана камакка алынган балдар

Палестинанын Билим берүү министрлиги Израиль армиясынын блокада астындагы Газа тилкесине  7 -  октябрдан бери жасаган кол салууларында көпчүлүгү окуучулар болгон 5 миңден ашуун баланын өлтүрүлгөндүгүн билдирди.

2066884
Газада өлтүрүлгөн жана камакка алынган балдар

Палестинанын Билим берүү министрлиги Израиль армиясынын блокада астындагы Газа тилкесине  7 -  октябрдан бери жасаган кол салууларында көпчүлүгү окуучулар болгон 5 миңден ашуун баланын өлтүрүлгөндүгүн билдирди.

Палестина билим берүү министрлиги  20 -  Ноябрь балдар укуктары күнүнөн улам жазуу түрүндө маалымат берди. Маалыматта : «7 -  октябрдан бери Газа тилкесине карата кол салууларда 3 миңден ашууну окуучулар болгон  5 миңден ашуун бала каза болду»,- деп айтылды.

Оккупациядагы Батыш Шериада да  23 окуучунун каза болгондугу белгиленген маалыматта Израиль өлтүргөн кишилер тууралуу ар бир сандын артында бир кыял, үмүттүн болгондугу баса белгиленди.

Маалыматта балдардын жана билим берүү укуктарын коргогон бардык мекеме жана уюмдарга «өз ыйгарым укуктарынын чегинде жоопкерчиликтерин алууга жана күчөп бараткан мыйзам бузууларды, кылмыштарды токтотууга» чакыруу салынды.

Палестиналык туткундар коому да «Дүйнөлүк балдардын укуктарын коргоо күнү» майрамынан улам Израиль тарабынан кармалган палестиналык балдар тууралуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.

Газага кол салуулар башталган 7 - октябрдан бери палестиналыктарга карата камоолордун көбөйгөнүнө көңүл бурулуп, Израилдин жыл башынан бери 880ден ашуун, октябрь айында эле 145 баланы камакка алганы белгиленди.

Маалыматта октябрь айынан тарта  200 баланын анын ичинен  26сынын административдик камоо менен Израиль камактарында экендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар