Руандада түрк тилине кызыгуу
Юнус Эмре институту тарабынан борбор шаар Кигалидеги Руанда университетинде башталган иш-чараларга коомчулук чоң кызыгуу көрсөтүүдө.
2066189
Чыгыш Африка өлкөсү Руандада түрк сериалдарынан таасирленген жаштар түрк тилин үйрөнүүнү каалашат.
Юнус Эмре институту тарабынан борбор шаар Кигалидеги Руанда университетинде уюштурулган иш-чараларга коомчулук чоң кызыгуу көрсөтүүдө.
Руандалыктар, институт өткөргөн ар түрдүү маданий карым-катнаш программалары аркылуу Түркиянын бай маданий мурасы жана түрк тили менен таанышып, көптөгөн студенттер түрк курстарына жана маданий иш-чараларга катышууда.
Түрк сериалдарында көргөн Түркиянын табигый кооздуктары, тамак-аштары, музыкасы жана архитектуралык түзүлүштөрү руандалык жаштарды түрк тилин үйрөнүүгө үндөөдө.