Доминиканда сел: 21 адам каза болду

Президент Луис Абинадер, апааттын себебинен каза болгондор үчүн 3 күндүк улуттук аза күтүү жарыяланганын кабарлады.

2066218
Доминиканда сел: 21 адам каза болду

Кариб өлкөсү Доминикан Республикасында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жүргөн селден 21 киши каза болду.

Чукул абал операция борборунан берилген маалыматта, өлкөдө 17-ноябрдан бери жааган жамгырдын айынан пайда болгон селден ушул убакка чейин 21 кишинин каза тапканы, алардын төртөө АКШ жараны, экөөсүнүн болсо Гаити жарандары экени белгиленди.

Президент Луис Абинадер, апааттын себебинен каза болгондор үчүн 3 күндүк улуттук аза күтүү жарыяланганын кабарлады.

14 облуста кызыл эскертүү берилген өлкөдө издөө-куткаруу иштери уланып жатканда, каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн деген тынчсыздануулар бар.

Селден 1583 үй зыян тартып, 7 миң 915 адам коопсуз аймактарга көчүүгө аргасыз болду. Жамгыр көптөгөн аймактарды да элетр жарыксыз калтырды.



Тектеш кабарлар