Карла Бруни сурак берди

Француз ырчысы жана  Италия тектүү модель Карла Бруни  күйөөсү жана Франциянын мурдагы президенти Никола Саркози коррупция боюнча соттолуп жаткан иш тууралуу сурак берди.

2135030
Карла Бруни сурак берди

Француз ырчысы жана  Италия тектүү модель Карла Бруни  күйөөсү жана Франциянын мурдагы президенти Никола Саркози коррупция боюнча соттолуп жаткан иш тууралуу сурак берди.

Le Monde гезитинин жазганына караганда, Карла Бруни Саркози соттолуп жаткан коррупциялык иш боюнча күбө болгон ишкер Зиад Такиеддинге Саркозиге коюлган айыптоодон баш тартуу үчүн кысым көрсөтүлгөн деген айыптоолор боюнча сурак берүүгө чакырылды. 

6 -  октябрда Саркозиге коррупция боюнча соттолгон Ливия каржылоо ишинин "негизги аты" Зиад Такиеддинге кысым көрсөткөн деген жүйө менен эки айып тагылган.

Суракты жүргүзгөн соттор Саркозинин ишкер Такиеддинге кысым көрсөткөндүгү боюнча жетиштүү далилдердин бар экендиигн билдирген.

2007 - 2012 - жылдары президент болгон Саркози "2007 - жылы президенттик шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү үчүн Ливиянын ошол кездеги лидери Муаммар Каддафиден мыйзамсыз каржылык колдоо алган" деп айтылууда. 

 



Тектеш кабарлар