Штайе: «Израилдин Газанын түштүгүндө «убактылуу качкындар лагерлерин куруу» сунушун четке кагабыз»

Штайе жумалык кабинет жыйынында жасаган билдирүүсүндө, Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) жана Европа Биримдигине кайрылып, Газага жардамдардын Рефах чек ара дарбазасы менен гана чектелбестигин камсыздоого чакырды.

2063962
Штайе: «Израилдин Газанын түштүгүндө «убактылуу качкындар лагерлерин куруу» сунушун четке кагабыз»

Палестинанын премьер-министри Мухаммед Штайе Израилдин Газанын түштүгүндө «убактылуу качкындар лагерлерин куруу» сунушун четке каккандарын айтты.

Штайе жумалык кабинет жыйынында жасаган билдирүүсүндө, Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) жана Европа Биримдигине кайрылып, Газага жардамдардын Рефах чек ара дарбазасы менен гана чектелбестигин камсыздоого, гуманитардык жардам коридорлорун түзүүгө жана айрыкча түндүк тарабынан баштап аймакка жардамды парашют менен таштоого чакырды.

Кол салууларды токтотуу үчүн эл аралык алкакта күрөшкөндөрүн белгилеген Штайе, өзгөчө Газанын түндүгүндөгү бардык аймактарга азык-түлүк жана дары-дармек жеткирилиши жана Газа калкынын куткарылышы үчүн колунан келгендин баарын кылып жаткандарын айтты.

Жер которгон Палестина калкынын үйлөрүнө кайтуусун каалагандарын белгилеген Штайе, Израиль армиясынын эл аралык уюмдардан талап кылган Газанын түштүгүндө «убактылуу баш калкалоочу лагерлерин куруу» сунушун кабыл албагандарын баса белгиледи.

Штайе: «Палестинанын тарыхында убактылуу деген нерсе жок. Тажрыйба бизге убактылуу нерсе түбөлүктүү экенин үйрөттү»,-деп айтты.

Газага бийликти кайтарып берүүгө каршы болгон жана басып алууну узак убакытка улантууну каалаган Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхуга кайрылган Штайе: «Анын жүргүзүп жаткан саясаты аларга балээ алып келет. Газа тилкеси 1967-жылы оккупацияланган Палестинанын аймагынын бир бөлүгү. Ал жактагы элибизге жардам берүү үчүн бизге эч кимдин уруксаты керек эмес»,-деди.

Штайе кээ бир өлкөлөр дагы эле Израилдин өзүн коргоо укугу жөнүндө айтып жатканына өкүнүчүн билдирип: «Кол салуучунун өзүн коргоого укугу жок. Ким Израилге курал-жарак менен колдоо көрсөтсө, ал палестиналык балдардын, аялдардын жана бейкүнөө адамдардын кан төгүүсүнө катышуучу болуп саналат»,-деди.

Палестинанын премьер-министри ошондой эле Шифа ооруканасында жарадар жана оорулуу адамдардын бар экенине басым жасап, ооруканаларды бомбалоо, электр жарыгын өчүрүү жана күйүүчү майдын кирүүсүнө бөгөт коюу эл аралык адам укуктары мыйзамдарына ылайык согуш кылмышы катары карала турганын да баса белгиледи.



Тектеш кабарлар