Европа Парламентинин төрайымы Роберта Мецола : Газа олуттуу гуманитардык кризиске туш болду

Франциянын борбор шаары Парижге барган Европа Парламентинин төрайымы Мецола Елисей сарайындагы эки тараптуу жолугушуудан мурда Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.

2058496
Европа Парламентинин төрайымы Роберта Мецола : Газа олуттуу гуманитардык кризиске туш болду

Европа Парламентинин  төрайымы Роберта Мецола Газанын олуттуу гуманитардык кризиске туш болгонун билдирди.

Франциянын борбор шаары Парижге барган Европа Парламентинин төрайымы Мецола Елисей сарайындагы эки тараптуу жолугушуудан мурда Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.

Макрон Мецола менен өткөргөн  эки тараптуу жолугушууда 2024-жылдын 6-9-июнунда боло турган Европа Парламентинин парламенттик шайлоосуна чейин парламентте бүтүшү керек болгон мыйзам чыгаруу иштерин талкуулай тургандарын айтты.

Мецоланын демилгеси менен Европа Парламентинин Хамастын 7-октябрдагы кол салуусунан бери Израилге колдоосун көрсөткөнүн белгилеген Макрон, Европа Парламенттин төрайымына кайрылып: «Айрыкча Европа Парламентинин 19 - октябрда кабыл алган сунушу менен  Израилге колдоо жана  эл аралык гуманитардык укукка сый көрсөтүү  чакыруусунда так жана ишендирүүчү үн болдуңуз",- деди.

Мецола да : «Израилдеги кол салуулар жана Газадагы оор абал Жакынкы Чыгышка көлөкө түшүрдү»,-деди.

Газанын олуттуу бир гуманитардык кризиске туш болгонун баса белгилеген Мецола : "Жарандардын бутага алына албайт,  туткундар бошотулушу керек. Израилдин берген жообу эл аралык жана гуманитардык мыйзамдарга ылайык болушу керек. Ушул себептен Европа Парламенти гуманитардык тыныгууга чакырды",- деди. 

Мецола кагылышууга гуманитардык тыныгуу менен бейкүнөө адамдардын өмүрүн сактап калууга болоорун жана Газага эл аралык жардамдын барарын  белгиледи.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге карата «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялады.

Израиль армиясы да буга карата аскердик учактар менен Газа тилкесине «Темир кылычтар» операциясын баштаткандыгын билдирген.

Күч алган чыңалуудан эки тарапта тең чоң жоготуулар болду.

 

 



Тектеш кабарлар