Филиппинде шайлоодо чыккан окуяларда 19 киши каза болду

Филиппин Шайлоо Комиссиясынын басма сөз катчысы Рекс Лаудиангко CNN Филиппинге 28 - августта жана 30  -октябрда өткөн эки этаптуу жергиликтүү шайлоолорго байланыштуу 29 зомбулук фактысынын катталганын айтты.

2058373
Филиппинде  шайлоодо чыккан окуяларда  19 киши каза болду

Филиппинде эки этаптан турган жергиликтүү шайлоолордо зомбулуктан 19 киши каза болду.

Филиппин Шайлоо Комиссиясынын басма сөз катчысы Рекс Лаудиангко CNN Филиппинге 28 - августта жана 30  -октябрда өткөн эки этаптуу жергиликтүү шайлоолорго байланыштуу 29 зомбулук фактысынын катталганын айтты.

Лаудиангко зомбулук окуяларынын көбүнүн Бангсаморо автономиялуу аймагы жана Бикол аймагында болгонун жана бул окуяларда 19 кишинин каза болгонун белгиледи.

Ошондой эле өлкөдө дагы 113 зомбулук фактыларынын шайлоого тиешеси бар же жоктугун аныктоо үчүн иликтөө иштери жүрүп жатат.

Филиппинде 2020 - жылы өткөрүлүшү пландалган жергиликтүү кеңештерге шайлоо эки жолу кечеңдетилген.

 

 

 



Тектеш кабарлар