Евробиримдик Украинага 50 миллиард евро өлчөмүндөгү жардам бюджетин беките алган жок

Евробиримдик Киевге каржылык жардам берүүнү пландап жаткан.

2056824
Евробиримдик Украинага 50 миллиард евро өлчөмүндөгү жардам бюджетин беките алган жок

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр, Венгрия менен Словакиянын каршылыгынан улам Украинага 50 миллиард евролук жардамды көздөгөн бюджетти беките алган жок.

Politico гезитинин жазганына караганда, Евробиримдик Киевге 2024-2027-жылдар аралыгында Украинанын бюджетинин дефицитин 45 пайызга жабуу үчүн каржылык жардам берүүнү пландап жаткан. Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен да 50 миллиард евролук грант жана насыя түрүндө которуларын билдирген.

Бирок Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан кечээки Лидерлер саммитинде Евробиримдиктин Украинаны колдоо системасынын «иштебегенин» айтты.

Словакиянын жаңы шайланган премьер-министри Роберт Фико да "өлкөдөгү коррупциялык көйгөйлөрдөн" улам Киевге каржылык колдоо көрсөтүүгө каршы чыкты.

Ошол эле учурда Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель саммитте Евробиримдик өлкөлөрүнүн жалпы консенсуска жетишкенин кабарлап, бюджет долбоорунун 2023-жылдын аягына чейин бекитилерин үмүт кылганын билдирди. Бюджет жакынкы айларда дагы талкууланат.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Киевге 150 миллион долларлык аскерий жардам берери, жардамга америкалык абадан коргонуу системалары жана танкка каршы курал-жарактар ​​кирери кабарланган.

Ал арада TRT  Russian, Еврокомиссиянын 8-ноябрда Украинанын Евробиримдикке мүчөлүк процессиндеги жылышынын алдын ала баалоосун жарыялай турганын билдирди.

Рейтер агенттигинин маалыматына караганда, бул баалоонун жыйынтыгында Брюссель Киевдин Евробиримдикке кошулуусу үчүн кошумча шарттарды киргизиши мүмкүн жана булар паракорчулук менен күрөшүү жана Украинадагы улуттук азчылыктардын укуктары сыяктуу темаларды камтышы мүмкүн.



Тектеш кабарлар