Ак үйдүн кабарчылар бирикмеси кечки тамагына нааразылык...

Колдорунда Палестина желектери менен Вашингтон Хилтон мейманканасынын алдына чогулган демонстранттар согушка каршы бейөкмөт CodePink уюму уюштурган нааразылык акциясына чыгышты.

2132849
Ак үйдүн кабарчылар бирикмеси кечки тамагына нааразылык...

Палестинаны жактоочулар Ак үйдүн кабарчылар бирикмесинин жыл сайын өтүүчү белгилүү инсандар, саясатчылар жана Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти, ошондой эле басма сөз өкүлдөрү катышкан кечки тамагына каршы чыгышты.

Колдорунда Палестина желектери менен Вашингтон Хилтон мейманканасынын алдына чогулган демонстранттар согушка каршы бейөкмөт CodePink уюму уюштурган нааразылык акциясына чыгышты.

Демонстранттар «Геноцид Жо», «Уят!» жана «ММКлар жалган айткан сайын Газада бир журналист өлөт» деп кыйкырышты...Алар «Журналисттер, өзүңөрдүн жумушуңарды кылгыла жана геноцид жөнүндө жазгыла!», «Газада Экинчи дүйнөлүк согушка караганда көбүрөөк журналисттер курман болду» деген ураандар жазылган баннерлерди көтөрүп алышкан.

Демонстранттардын бир тобу мейманкананын терезесинен Палестинанын алп желегин желбиретип турса, дагы бир тобу Газада каза болгон журналисттерди эскерүү үчүн мейманкананын алдында кыймылсыз жатышты.

Мейманкананын ичиндеги көчөдө Газада жана Батыш Шериада каза болгон ар бир журналисттин ысымдары менен бирге кандуу басма сөз кемселдери жайылды.

3 миңге жакын катышуучу боло турган иш-чарада АКШнын президенти Жо Байдендин сөз сүйлөшү күтүлгөн.



Тектеш кабарлар