Батыш Шериада качкындар лагеринде каза болгондор, камакка алуулар

Израиль армиясынын оккупация астындагы  Батыш Шериадагы Нур Шемс качкындар лагерине жасаган кол салууда каза болгон палестиналыктардын саны 13кө жетти.

2053667
Батыш Шериада качкындар лагеринде каза болгондор, камакка алуулар

Израиль армиясынын оккупация астындагы  Батыш Шериада Нур Шемс качкындар лагерине жасаган кол салууда каза болгон палестиналыктардын саны 13кө жетти. 

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү маалыматында Израиль армиясынын Нур Шемс баш качкындар  лагеринде кыргын жасаганы белгиленди.

Маалыматта Израилдин лагерге жасаган чабуулунда  13 палестиналык каза болуп, анын ичинде  5 баланын бар экендиги белгиленди.

Көргөн күбөлөр Израиль күчтөрүнүн Тулкерим шаарындагы Нур Шемс качкындар лагеринен толугу менен чегингендигин, кечээ эртең менен болжол менен 30 сааттан кийин аскердик унаалар жана бульдозерлердин коштоосунда рейд жана чабуул баштаганын кабарлашты.

Израиль полициясынын билдирүүсүндө Нур Шемс качкындар лагеринде палестиналыктар менен болгон кагылышууда 1 полиция кызматкеринин каза болгону, 9 полиция кызматкеринин жараланганы белгиленди. Ошондой эле  10 шектүүнүн камалгандыгы белгиленген. 

Бир тараптан Палестиналык туткундар коомунун жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Израиль күчтөрү түнү менен Батыш Шериада баштаган камоо операцияларын эртең мененки сааттарда да улантты.

Батыш Шерианын Рамалла, Хеброн, Бетлехем, Наблус жана Тулкерим шаарларында араларында Мыйзам чыгаруу кеңешинин мүчөлөрү менен бирге 2 журналист жана мурдагы туткундар да болгон 80 палестиналык Израиль күчтөрү тарабынан  кармалды.

Билдирүүдө Израилдин «Палестина элине каршы системалуу өч алуу операцияларын баштаган 7-октябрдан бери Батыш Шериада кармалган палестиналыктардын саны 930дан ашканы» белгиленди.

 



Тектеш кабарлар