Гриффитс: «Газада саламаттыкты сактоо системасы кыйрады»

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысынын гуманитардык иштер боюнча орун басары Мартин Гриффитс БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Газадагы Аль- Ахли баптист ооруканасына жасалган кол салууга байланыштуу сөз сүйлөдү.

2053313
Гриффитс: «Газада саламаттыкты сактоо системасы кыйрады»

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысынын гуманитардык иштер боюнча орун басары Мартин Гриффитс Газадагы саламаттык сактоо системасынын кыйраганын айтты.

Гриффитс БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Газадагы Аль- Ахли баптист ооруканасына жасалган кол салууга байланыштуу сөз сүйлөп: «Куралдуу чыр-чатактын бардык тараптары жарандарды жана жарандык объектилерди коргоого жана аларды ар кандай кол салуудан коргоого дайыма кам көрүүгө тийиш. Биз муну дээрлик ар бир жаңжалда талкууладык, бул дагы эч кандай айырмаланбайт», - деди.

Гриффитс : «Газада кыйраган саламаттык сактоо системасынын калган бөлүгүндө тез жардам унаалары, персонал жана мүмкүнчүлүктөрдүн жетишсиздигинен көп киши эвакуациялана алган жок»,-деп айтты.

Мартин Гриффитс: «(Аль-Ахли баптист) Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун маалыматы боюнча, Израиль бийликтери карапайым калктын коопсуздугу үчүн чыгып кетиши керек деген жарыясынын темасы болгон Газанын түндүгүндөгү 20 оорукананын бири болгон.  Эртеси эртең менен бул жөнүндө ойлонуу коркунучтуу ой болду»,-деп айтып кол салуу учурунда максималдуу кубаттуулукта иштеген ооруканада балдар жана аялдар менен кошо көптөгөн бейтаптар болгонун белгиледи.

Жер которгон адамдардын да ооруканага баш калкалаганын белгилеген Гриффитс адамдардын бара турган башка жери жок экенине көңүл бурду.

Координатор Гриффитс Газада 3 миңден ашуун кишинин каза болгонун, 12 миң 500дөн ашуун кишинин жараланганын белгилеп: «Урандылардын астында калган жүздөгөн кишиден эч кандай кабар жок, ачыгын айтканда, канча киши коркунучтан кутулуу үчүн түндүктөн түштүккө көчүп кеткенин билбейбиз»,-деди.

Израилдин 13 күндөн бери блокада жана бомбалоосунда болгон Газадагы Аль-Акса шейиттери ооруканасында дары-дармек жана медициналык буюмдардын запасы түгөнүп калганы билдирилди.

Оорукананын директору Ияд аль-Жабери ооруканадагы абалдын «өтө кооптуу» деңгээлге жеткенин белгилеп: «Миңдеген жаракат алгандардын жана бейтаптардын өмүрү коркунучта»,-деди.

Жабери эл аралык уюмдарды Израилдин Газага медициналык каражаттарды киргизиши үчүн кийлигишүүгө чакырды.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин бомбалоосу учурунда ушул убакка чейин 4 оорукананын иштебей калганын, 14 саламаттыкты сактоо борборунун электр жарыгы жана күйүүчү майдын түгөнүшүнөн улам кызмат көрсөтө албастыгын билдирди.

Израиль 17-октябрда Газанын борборундагы Аль-Ахли баптист ооруканасын бомбалап, кыргында 471 жай тургун каза болгон.



Тектеш кабарлар