Грецияда жергиликтүү шайлоонун экинчи айлампасы өттү

Бийликтеги Жаңы Демократия партиясы биринчи турда жетишкен ийгиликтерин экинчи турда калган аймактарда көрсөтө албай, алты аймактын бешөөнөн утулуп калды.

2051274
Грецияда жергиликтүү шайлоонун экинчи айлампасы өттү

Грецияда кечээ биринчи турда 43 пайыздан ашык добуш ала албаган талапкерлердин алты аймакта жана аймактардагы 84 муниципалитетте экинчи айлампасы өткөрүлдү.

Бийликтеги Жаңы Демократия партиясы биринчи турда жетишкен ийгиликтерин экинчи турда калган аймактарда көрсөтө албай, алты аймактын бешөөнөн утулуп калды. Афина жана Салоники сыяктуу ири муниципалитеттер башкаруучуларын алмаштырды.

Афинанын мэри, премьер-министр Кириакос Мицотакистин жээни Костас Бакояннис экинчи турда утулуп калды. Афинанын жаңы мэри 56 пайыз добуш менен Харис Дукас болду.

Батыш Фракияда шайлоо жарышында түрк тектүү талапкерлер алдыңкы орунга чыкты. 3 муниципалитеттеги шайлоонун жыйынтыгында түрк тектүү талапкерлер жеңишке жетишти.

Искече (Ксанти) провинциясында Мустафчова муниципалитетинин башчылыгы үчүн жарышта Ахмет Курт жеңишке жетти. Родоп провинциясынын Козлубекир муниципалитетинин башчысын шайлоодо Эрдем Хүсейин жеңди. Родоп провинциясындагы Яссыкөй муниципалитетинин башчысы болуп Жанер Имам биринчи турда шайланган.



Тектеш кабарлар