Грецияда Батыш Нил вирусунан 20 адам каза болду

Вирустун өлкөнүн ар кайсы аймактарында 20 кишинин өлүмүнө себеп болгону белгиленди.

2049626
Грецияда Батыш Нил вирусунан 20 адам каза болду

Грецияда быйыл Батыш Нил вирусунан 20 адам каза болду.

Грециянын улуттук саламаттык сактоо мекемеси (EODY) тарабынан жасалган билдирүүдө, вирустун өлкөнүн ар кайсы аймактарында 20 кишинин өлүмүнө себеп болгону белгиленди.

Акыркы жумада 5 жаңы учурдун аныкталганы кабарланган билдирүүдө, чиркейлерге каршы жеке коргонуунун маанисине басым жасалды.

Вирустун өзгөчө Кардича, Лариса, Трикала, Иматиа, Салоники, Пела, Пиерия, Килкис, Серрес, Халкидики, Кавала, Драма, Родоп, Ксанти, Мерич, Кастория, Арта жана Йоаннина аймактарында аныкталганы маалымдалды.

Адистер жуктарган учурлар көбөйөт деп кооптонушууда.



Тектеш кабарлар