Ооганстандагы жер титирөөдөн 215 киши каза тапты, бул сан өсүшү мүмкүн

Герат мамлекеттик ооруканасынын башчысы Барат Муин басма сөзгө берген маалыматында Гераттагы жер титирөөлөрдөн ушул убакка чейин 500 жараланган кишинин ооруканаларына жеткирилгенин белгиледи.

2047751
Ооганстандагы жер титирөөдөн 215 киши каза тапты, бул сан өсүшү мүмкүн

Ооганстандын Герат провинциясында кечээ болгон жер титирөөдө каза болгондордун саны 2053кө жетти.

Талибандын убактылуу өкмөтүнүн табигый кырсыктар боюнча мамлекеттик министрлигинин басма сөз катчысы Молла Канан Саик өлкөдөгү жер титирөөлөр тууралуу маалымат берди.

Саик жер титирөөдөн 2053 кишинин каза болгонун, 9240 кишинин жараланганын айтты.

Жабыркагандардын көбүнүн Зиндежан районунун 13 айылында болгонун билдирген Саик жер титирөөдө 1320 үйдүн кыйраганын белгиледи.

Маданият жана маалымат министрлигинин басма сөз катчысы Абдул Вахид Раян да жер титирөөдө болжол менен 6 айыл кыйрап, 2 миңден ашуун адам каза болгонун, жүздөгөн адамдар урандылардын астында калганын билдирди.

Герат провинциясынын губернатору Нур Ахмед Исламжар жер титирөөдөн жабыркагандарга эл аралык коомчулукту тез арада жардам берүүгө чакырды.

Исламжар өзүнүн видеокайрылуусунда жер титирөөдөн жабыркагандар тез арада дары-дармек жана азык-түлүккө муктаж экенин белгилеп, бардык кайрымдуулардан, анын ичинде дары-дармек жана азык-түлүк соодагерлеринен үй-жайсыз калган жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам жөнөтүүнү суранды.

АКШнын Геологиялык кызматынын (USGS) маалыматы боюнча, жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00гө карата Ооганстандын батышында, Иран менен чектеш Герат провинциясында 6,3, 5,5, 4,7, 6,3, 5,9, 4,6, 4,8 жана 4,9 баллдык жер титирөөлөр катары менен катталган.



Тектеш кабарлар