Индиядагы сел: 30 адам дайынсыз болуп жатат

Бир тараптан Бангладештин кээ бир аймактарына сел эскертүүлөрүнүн берилгени айтылды.

2046055
Индиядагы сел: 30 адам дайынсыз болуп жатат

Индиянын Сикким штатындагы селден 23ү аскер 30 киши дайынсыз жоголду.

Hindustan Times гезитинин маалыматына караганда, Сикким штатынын табигый кырсыктарды башкаруу башкармалыгынын башкы директору Прабхакар Рай, Лачен аймагында суунун деңгээли күтүүсүздөн көтөрүлүп, сел жүргөнүн белгиледи.

Рай алгачкы маалыматтар боюнча 7 адамдын дайынсыз жоголгонун кабарлады.

Армиядан жасалган билдирүүдө, аймактагы аскерий мекемедеги 23 аскер кызматкеринин селде дайынсыз жоголгондугу маалымдалды.

Бир тараптан Бангладештин кээ бир аймактарына сел эскертүүлөрүнүн берилгени айтылды.

Селдин «мөңгү көлүнүн толуп кетишинен» болду деп ойлогон жетекчилер бул маселени иликтеп жатышат.



Тектеш кабарлар