Израиль аскерлери бир палестиналыкты өлтүрүштү
Израиль аскерлеринин оккупациядагы Батыш Шериада Эль - Бире шаарына жакын жерде бир унаага ок атуусу менен бир палестиналык каза болуп, бир палестиналык жараланды.
Израиль аскерлеринин оккупациядагы Батыш Шериада Эль - Бире шаарына жакын жерде бир унаага ок атуусу менен бир палестиналык каза болуп, бир палестиналык жараланды.
Палестинанын WAFA маалымат агенттигинин маалыматына караганда, израилдик аскерлер Биренин Эт - Тавил тоосунда курулган Псагот еврей конушуна жакын жерде бир унаага ок аткан.
Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги Мухаммед Жибрил Румманенин кол салууда каза болгонун жана бир палестиналыктын денесинин астыңкы бөлүгүнөн жеңил жараланганын жарыялады.
Израиль армиясынын билдирүүсүндө Псаготко жакын аскердик пунктка молотов коктейлин ыргыткандыгы айтылган эки кишиге ок атылып «таасирсиз абалга» келтирилгендиги белгиленди.
Оккупациядагы Батыш Шериа көптөн бери израилдик аскерлердин рейддерине жана еврей отурукташуучуларынын кол салууларына күбө болууда.
Тектеш кабарлар
Израилдин согушту улантуу планы
Израиль армиясынын X социалдык медиа эсебинде темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.
Газа байланыш тобунун Израилге карата чакырыгы...
Бул тууралуу Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.