Ливияда селден жабыркаган аймактар

Ливиянын Улуттук Биримдик Өкмөтү селден жабыркаган аймактарда инфраструктуранын 70 пайызынын жана билим берүү мекемелеринин 95 пайызынын жабыркагандыгын жарыялады.

2039348
Ливияда селден жабыркаган аймактар

Ливиянын Улуттук Биримдик Өкмөтү селден жабыркаган аймактарда инфраструктуранын 70 пайызынын жана билим берүү мекемелеринин 95 пайызынын жабыркагандыгын жарыялады.

Улуттук Биримдик Өкмөтүнө караштуу Транспорт министрлигинин Жол жана көпүрөлөр башкармалыгынын өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Хүсейин Сүвейдандын бул тууралуу билдирүүсү  “Биздин Өкмөт” деген темада Фейсбукта жарыяланды.

Өлкөнүн чыгышындагы селден жабыркаган аймактарда инфраструктуранын 70 пайызынын жабыркаганын белгилеген Сүвейдан, Дернеде 6, чыгыштагы 5 шаарларда 11 көпүрөнүн кыйрагандыгын билдирди.

Сүвейдан чыгыштагы шаар жана айылдардагы жер астындагы суу түтүктөрүнүн 80 пайызынын кыйраганын, жолдордун 50 пайызынын бузулганын маалымдады.

Сүвейдан Жол жана көпүрөлөр башкармалыгынын өлкөнүн чыгышындагы суу ташкынынан жабыркаган бардык аймактарда альтернативдик жолдорду ачуу үчүн бардык иштерди бүтүргөндүгүн белгиледи.

UBH билим берүү министри Муса Мугариф борбор шаар Триполиде өткөргөн маалымат жыйынында селден жабыркаган аймактардагы билим берүү мекемелеринин 95 пайызынын жабыркаганын айтты.

Ливиянын Улуттук Биримдик Өкмөтүнүн билим берүү министри Муса Мугариф борбор шаар Триполиде өткөргөн маалымат жыйынында селден жабыркаган аймактардагы билим берүү мекемелеринин 95 пайызынын жабыркагандыгын белгиледи.

Мектептердин 24  - сентябрь жекшемби күнү ачыла турганын белгилеген Мугариф сел зонасында окуучулардын Бенгазидеги 17 мектепте билимин улантышарын айтты.

Борбордук Жер Ортолук деңизинде таасирдүү болгон жана 10 - сентябрда Ливиянын чыгышында болгон «Даниел» бороону Бенгази, Бейда, Марж, Сусе жана Дерна шаарларында селге себеп болду.

БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо кеңсесинин (OCHA) отчетунда селден улам 3 миң 958 кишинин каза болгондугу, 9 миңден ашуун кишинин дайынсыз жоголгондугу билдирилди. 

Айрым жергиликтүү маалымат булактары каза болгондордун саны 10 миңден ашканын айтышууда.

 

 



Тектеш кабарлар