Мицотакис: "Түркия менен диалог маанилүү"

Мицотакис 87-Эл аралык Салоники жарманкесинде журналисттердин суроолоруна жооп берди.

2038818
Мицотакис: "Түркия менен диалог маанилүү"

Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис Түркия менен өлкөсүнүн ортосундагы диалог каналдарынын ачык болушунун маанилүү экенин айтты.

Мицотакис 87-Эл аралык Салоники жарманкесинде журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Түркия менен Грециянын ортосундагы пикир келишпестиктерге токтолгон Мицотакис: «Түркия менен бардык деңгээлде диалог каналдарынын кайрадан ачылышы абдан позитивдүү деп ойлойм»,-деди.

Мицотакис президент Режеп Таййип Эрдоган менен лидерлер деңгээлдеги жолугушуудан тышкары министрлер жана министрлердин орун басарларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн да маанилүү экенин айтты.

Грециянын премьер-министри: «Өткөндөгү көйгөйлөрдүн дароо чечилишин күтпөйлү, бирок пикир келишпестиктер жаралганда кайсы темада келише албаганыбызды ачыкка чыгарууда жана радикалдуу кептерге алып барбоодо макулдашалы»,-деди.



Тектеш кабарлар