Гренландияда 206 жүргүнчүсү жана экипажы бар круиздик кеме тайыздыкка чыкты

Даниялык Арктика биргелешкен командирликтин  командири Брайан Йенсен кемеде  эч кимдин коркунучта эмес экендигин жана кандайдыр бир  чыгымдын билдирилбегендигин айтты.

2036757
Гренландияда  206 жүргүнчүсү жана экипажы бар круиздик кеме тайыздыкка чыкты

Бортунда 206 жүргүнчүсү жана экипажы бар круиздик кеме Гренландиянын түндүк - батышында тайыз жерге чыкты.

Даниялык Арктика биргелешкен командирликтин  командири Брайан Йенсен кемеде  эч кимдин коркунучта эмес экендигин жана кандайдыр бир  чыгымдын билдирилбегендигин айтты. 

Йенс Эң жакын Дания деңиз флотунун кемесинин  1 200 деңиз мили (2200 киломптр) алыста экендигин билдирип, кеменин аянтка карай жолго чыккандыгын жана жума күнү жетерин билдирди. 

Узундугу 104 метр, туурасы 18 метр болгон Ocean Explorer дүйшөмбү күнү Түндүк-Чыгыш Гренландия улуттук паркындагы Альпефьордто тайыз жерге чыкты.

Дүйнөдөгү эң чоң жана түндүктөгү улуттук парк болгон Түндүк - Чыгыш Гренландия улуттук паркы айсбергдери жана мускус өгүздөрү менен белгилүү.

Багам аралдары желеги иилнген Норвегия кемеси Норвегиянын түштүгүндөгү Улштейнвик шаарында жайгашкан Ulstein Group компаниясына таандык.

Жетекчилер  аймактагы башка круиздик кеме менен байланышты жана  абалга жараша  жардам берүү үчүн жанында болууну суранышты.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар