Мароккодогу жер титирөөдөн каза болгондордун саны көбөйдү

Марокконун Ички иштер министрлиги, 8-сентябрга караган түнү болгон жер титирөөгө байланыштуу учурдагы маалыматтарды бөлүштү.

2036419
Мароккодогу жер титирөөдөн каза болгондордун саны көбөйдү

Мароккодогу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2 миң 901ге, жаракат алгандардын саны 5 миң 530га жеткени билдирилди.

Марокконун Ички иштер министрлиги, 8-сентябрга караган түнү болгон жер титирөөгө байланыштуу учурдагы маалыматтарды бөлүштү.

Министрликтин билдирүүсүндө, 7 баллдык жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 2 миң 901ге, жаракат алгандардын санынын 5 миң 530га жеткени белгиленди.

Мароккодо 8-сентябрга караган түнү күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болуп, эпицентри Марракештин Эль-Хуз аймагында катталган.

Жер титирөөдөн Марракештен тышкары борбор шаар Рабат менен Касабланка, Мекнес, Агадир жана Фес шаарлары да таасирленген.

Бир тараптан Эл аралык Кызыл Крест Кызыл Жарым Ай коомдору федерациясы (IFRC) Мароккодогу жер титирөөдөн кийинки муктаждыктарды канааттандыруу үчүн 100 миллион швейцария франкы өлчөмүндө чукул жардам көрсөтүүгө чакырды.



Тектеш кабарлар