Пакистандагы сел

Касур, Пакпаттан, Вехари, Бахавалнагар, Лодхран, Мултан жана Бахавалпур аймактарынан 100 миңден ашуун кишинин эвакуацияланганы кабарланды.

2029632
Пакистандагы сел

Пакистандагы селдин кесепетинен 17 адам каза болуп, 36 адам жаракат алды.

Индиянын дамбалардан көбүрөөк суу агызышы жана нөшөрлөгөн жамгырдан улам Пакистанга созулган Сутлеж дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, суу ташкындоо коркунучунун айынан аймактан 100 миңден ашуун киши эвакуацияланды.

Пенжаб Куткаруу бөлүмүнүн басма сөз катчысы Диба Шахназ 9-июлдан бери селден 17 киши каза болуп, 36 кишинин жаракат алганын билдирди.

Шахназ Касур, Пакпаттан, Вехари, Бахавалнагар, Лодхран, Мултан жана Бахавалпур аймактарынан 100 миңден ашуун кишинин эвакуацияланганын кабарлады.



Тектеш кабарлар