Кытайда ашыкча жамгырдан улам  10 провинцияда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Апаатты башкаруу министрлиги тийиштүү жергиликтүү бөлүмдөргө жаан - чачынга байланыштуу абалды тыкыр көзөмөлдөп, кооптуу аймактарды тийиштүү түрдө эвакуациялоону тапшырды.

2029448
Кытайда ашыкча жамгырдан  улам  10 провинцияда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Кытайда ашыкча жамгыр жаашы пайда кылышы мүмкүн болгон селден улам  10 провинцияда өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Селди көзөмөлдөө жана кургакчылыкка жардам берүү борборунан берилген маалыматта өлкөнүн түндүк, ортоңку жана түштүк  - батыштагы Шандонг, Шэньси, Шаньси, Цзянсу, Аньхуй, Хинан, Хубей, Сычуань жана Гуйкоу провинциялары менен борборго караштуу башкарылган,  борборлоштурулган провинциялык деңгээлдеги Шэньси, Шаньси, Цзянсу, Аньхуй, Хинан, Хубей, Сычуань жана Гуйкоу провинцияларында 4 - деңгээлдеги "өзгөчө кырдаал" эскертүүсү берилди. 

Бул аймактардын жуманын акырында  нөшөрлөгөн жамгырдан таасирленери,   аймактагы көптөгөн дарыяларда  сел жана жер көчкү коркунучу бар экени айтылды.

Апаатты башкаруу министрлиги тийиштүү жергиликтүү бөлүмдөргө жаан - чачынга байланыштуу абалды тыкыр көзөмөлдөп, кооптуу аймактарды тийиштүү түрдө эвакуациялоону тапшырды.

 

 



Тектеш кабарлар