Кытайдын коргоо министри Беларуста

Беларустун БЕЛТА агенттигинин билдиргенине караганда Лукашенко борбор кшаар Минскиге барган Кытайдын коргоо министри Ли Шанфу менен жолугушту.

2026392
Кытайдын коргоо министри Беларуста

Беларустун президенти Александр Лукашенко Кытай менен  дүйнөнүн азыркы жана келечектеги тартиби жөнүндө бирдей көз карашта экенин билдирди.

Беларустун БЕЛТА агенттигинин билдиргенине караганда Лукашенко борбор кшаар Минскиге барган Кытайдын коргоо министри Ли Шанфу менен жолугушту.

Лукашенко жолугушууда : "Беларусь менен Кытайдын Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин аныкталган көп полярдуу дүйнөнү, аймактык бүтүндүктү жана чек аралардын биримдигин жактайт. Мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөө принцибин улантууда. Кыскасы, Кытайдын тышкы саясатынын бардык палитрасы биздикине окшош. биздики»,- деп баа берди.

Лукашенко Кытайдын ички жана тышкы саясатынын толугу менен адилеттүү жана талаш-тартыштарды, жаңжалдарды тынчтык жолу менен чечүүгө багытталганын айтты.

Лукашенко дүйнөнүн туруксуз мезгилден өтүкп жаткандыгын, мунун Беларустун да Кытайдын да жаңылыштыгы эмес экендигин, бул шарттарла Россия менен Кытайдын достугуна таянгандарын белгилеп, Беларусь жана Кытайдын ортосундагы аскердик кызматташуунун үчүнчү өлкөлөрдү бутага албагандыгын баса белгиледи. 

Кытай министри Ли да Беларус лидеринин Кытайдын президенти Си Цзиньпин менен март айында Пекинге болгон иш сапарынын алкагында аскердик кызматташтыкты, коргонуу өнөр жайын өнүктүрүү боюнча макулдашууга жетишкенин эске салып,  сапарынын бул жогорку деңгээлдеги келишимди иш жүзүнө ашырууну максат кылганын белгиледи. 

 



Тектеш кабарлар