Песков Макрондун билдирүүсүн катуу тил менен сынга алды

Россиянын президенттик  басма сөз катчысы Дмитрий Песков Макрондун сөздөрүн "коркунучтуу" деп мүнөздөдү.

2135212
Песков Макрондун билдирүүсүн катуу тил менен сынга алды

Кремль Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Батыш армияларын Украинага жөнөтүү жөнүндөгү билдирүүсүн катуу сынга алды.

Россиянын президенттик  басма сөз катчысы Дмитрий Песков Макрондун сөздөрүн "коркунучтуу" деп мүнөздөдү.

Песков: «Бул абдан маанилүү жана өтө коркунучтуу билдирүү. Франция мамлекет башчысынын алдында Украинадагы кагылышууга   кургактыктан кийлигишүү мүмкүнчүлүгүнөн  сөз кылууда.  Бул абдан коркунучтуу абал,  биз  кылдаттык менен иликтеп жатабыз жана «атайын аскердик операциябызды» бардык максаттарга жеткенге чейин улантабыз», - деди.

Песков  Британиянын тышкы иштер министринин Украинанын Россияга кол салуу укугу жөнүндөгү сөздөрүн сынга алып,  Европанын коопсуздугу үчүн потенциалдуу коркунучтуу чыңалууну күчөтүү аракети катары сыпаттады.

Макрон “The Economist” гезитине берген маегинде эгер орус аскерлери фронтко кириши жана  Киев талап кыла турган болсо  батыштын  Украинага аскерлерин жөнөтө аларын айткан. Француз лидер : "Бул мүмкүнчүлүктү башынан (дароо/ойлонбой/талкуулабастан) четке кагуу, акыркы эки жылдан эч кандай сабак албоо дегенди билдирет",-  деген.



Тектеш кабарлар