Германиянын түштүгүндө катуу жааган жамгыр селдин жрүшүнө себеп болду

Көптөгөн көчөлөрдү жана жер астындагы өтмөктөрдү,  жертөлөлөрдү жана жер астындагы гараждарды суу каптады.

2026402
Германиянын түштүгүндө катуу жааган жамгыр селдин жрүшүнө себеп болду

Германиянын түштүгүндөгү Бавария штатында нөшөрлөп жааган жамгыр селдин жүрүшүнө себеп болду. 

Миттелфранкен полиция башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Нюрнберг шаарында жана айланасында таасирдүү болгон катуу жамгыр жана шамалдын кесепетинен бактардын  жана чатырлардагы плиткалар кулашынан көптөгөн жер зыянга учурады.

Көптөгөн көчөлөрдү жана жер астындагы өтмөктөрдү,  жертөлөлөрдү жана жер астындагы гараждарды суу каптады. 

Мындан тышкары, Нюрнбергдин көп жерлеринде электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, A73 автожолу жарым-жартылай кыймылга жабылды.

Немис темир жолдору фирмасы Deutsche Bahn да поезд каттамдарына ыңгайсыз аба ырайынын таасиринин тийгенин белгилеп, Ульм жана Гюнцбург шаарларында поезддердин токтобогону белгиленди.



Тектеш кабарлар