Суданда өз жеринен ажырагандар

Кагылышуу башталгандан бери Суданда 3,2 миллиондон ашуун адам жер которду.

2024999
Суданда өз жеринен ажырагандар

Кагылышуулар уланып жаткан Суданда 4,3 миллиондон ашуун адам жер которууга мажбурланды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын басма сөз катчысы Уильям Спиндлер, БУУнун Женевадагы кеңсесинин апталык маалымат жыйынында, Судан армиясы менен өкмөт козголоңчу деп жарыялаган жарым аскерлештирилген Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосунда 15-апрелден бери уланып жаткан жарандык согушка сереп салды.

Спиндлер: «Суданда кагылышуу башталгандан бери 4,3 миллион адам жер которууга мажбурланды. Бул санга коңшу өлкөлөргө кеткен 900 миңден ашуун качкын жана башпаанек издегендер менен Түштүк Суданга кайтууга аргасыз болгон 195 миң түштүк судандыктар кирет. Кагылышуу башталгандан бери Суданда 3,2 миллиондон ашуун адам жер которду»,-деп айтты.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун басма сөз катчысы Маргарет Харрис болсо Судандагы кагылышуулардын адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна кыйратуучу таасири бар экенине көңүл бурду.

Харрис: «Кагылышуулардан эң көп жабыркаган аймактардагы ооруканалардын 67 пайызга жакыны иштебей калды. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ушул 4 айдагы кагылышууларда ден соолук борборлоруна 53 кол салуу болгонун тастыктады. Бул кол салууларда 11 адам каза болуп, 38 адам жаракат алды жана он миңдеген адамдар медициналык кызматтардан ажыратылды»,-деди.

Суданда кызамык, безгек жана денге ысытмасы сыяктуу уланып жаткан эпидемияларды да начарлаган саламаттык сактоо системасынын себебинен көзөмөлдөөнүн кыйын экенин баса белгилеген Харрис, өлкөнүн 40 пайыздан ашыгынын ачарчылык менен бетме-бет келгенин билдирди.



Тектеш кабарлар