Даниянын тышкы иштер министри кечирим сурады

Алжирдин Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Даниянын тышкы иштер министри Расмуссен алжирдик кесиптеши Ахмед Аттаф менен телефон аркылуу сүйлөштү.

2024391
Даниянын тышкы иштер министри кечирим сурады

Даниянын тышкы иштер министри Ларс Лөкке Расмуссен, борбор шаар Копенгагенде кээ бир ислам өлкөлөрүнүн элчиликтеринин алдында Куранга жасалган кол салуулар үчүн кечирим сурады.

Алжирдин Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Даниянын тышкы иштер министри Расмуссен алжирдик кесиптеши Ахмед Аттаф менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө даниялык министр кээ бир ислам өлкөлөрүнүн элчиликтеринин, анын ичинде Алжирдин Копенгагендеги элчилигинин алдында Ыйык Курани Каримдин өрттөлүшүнө карата айыптоолого капа болгонун айтып, кечирим сурады.

Бул аракеттердин кабыл алынгыс экенин баса белгилеген министр Расмуссен аталган кол салуулардын Дания коомунун толеранттуулук салтын толугу менен бузганын билдирди.

Расмуссен ошондой эле Аттафка, өкмөттүн бул кол салууларды токтотууну көздөгөн мыйзам долбоорунун акыркы баскычына келгенин кабарлап, мыйзам долбоорун парламентке сунуштай турганын кошумчалады.



Тектеш кабарлар