Украина: «Биз дүйнөлүк тынчтык саммитине даярдыкты улантабыз»

Украинада тынчтыкты орнотуу үчүн Жиддада өткөн жыйындын жыйынтыгына Украина президентинин аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак баа берди.

2021881
Украина: «Биз дүйнөлүк тынчтык саммитине даярдыкты улантабыз»

Украина Сауд Арабиянын Жидда шаарында кеңешүүчү деңгээлдеги Украина боюнча жолугушуудан кийин Глобалдык Тынчтык саммитине даярдыктарын улантат.

Украинада тынчтыкты орнотуу үчүн Жиддада өткөн жыйындын жыйынтыгына Украина президентинин аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак баа берди.

Жидда жолугушуусунун негизги темасынын Украинанын тынчтык формуласы экенине көңүл бурган Ермак, өнөктөштөрдүн көпчүлүгүнүн орус аскерлеринин Украина аймагынан чегинүүсү керектигин жана согушту токтотуунун мүмкүн эместигин, анткени мунун Украинанын аймагына жаңы чабуулдар үчүн убакыт берерин баса белгилегенин айтты.

Ермак, Украинанын көз карандысыздыгын, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн эч кандай шартсыз урматтаган жана тынчтык формуласынын бир бөлүгү же бардыгынын үстүндө иштөөгө даяр мамлекеттердин саны көбөйүп жатканын белгиледи.

Ермак Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин тынчтык формуласын ишке ашыруу Украинанын жеңиш стратегиясынын бир бөлүгү экенин, ошондуктан Жидда жолугушуусу тарыхта калат деп ишенерин белгиледи.

Кытай өкүлүнүн жолугушууга катышуусунун маанилүү экенин баса белгилеген Ермак:«Кытайдын өкүлү сүйлөшүүлөргө жигердүү катышып, өз оюн билдирди. Кытай өкүлүнөн биз уккан маанилүү нерсе, Кытай бул форматка катышууну улантууга даяр экени болду»,-деп өз баасын берди.

Ермак Жидда жолугушуусу Украинаны тынчтык формуласын ишке ашырууга жакындатканын баса белгилеп: «Биз Глобалдык тынчтык саммитин даярдоо жана уюштуруу боюнча ишти улантабыз, андан кийин 10 берененин ар бирин, анын ичинде согуштун аякташына мыйзамдуу кепилдик бере турган беренени ишке ашыруу боюнча иштер башталат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар