Франция Буркина-Фасого жардам жана бюджеттик колдоону токтотту

Франциянын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү маалыматында, Буркина Фасого бардык өнүктүрүү жардамдары жана бюджеттик колдоонун кийинки билдирүүгө чейин токтотулганы белгиленди.

2021067
Франция Буркина-Фасого жардам жана бюджеттик колдоону токтотту

Франция Буркина-Фасого бардык өнүктүрүү жана бюджеттик колдоону токтотту.

Франциянын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү маалыматында, Буркина Фасого бардык өнүктүрүү жардамдары жана бюджеттик колдоонун кийинки билдирүүгө чейин токтотулганы белгиленди.

Министрликтин маалыматына караганда, былтыр Буркина-Фасого 13 миллион евро бюджеттик жардам пландалган жана Франциянын бул өлкөгө жалпы өнүктүрүү жардамы 482 миллион еврону түздү.

Өткөн жылы бири январь, экинчиси сентябрда эки аскердик төңкөрүштү башынан өткөргөн Буркина Фасо, быйыл январь айында Сабре операциясынын алкагында француз аскерлеринин өлкөдөн чыгышын талап кылган.

Франция өз аскерлерин чыгарып кетүүгө макул болгон, бирок өнүгүүгө жардам жана бюджеттик колдоо көрсөтүүнү уланткан.

Буркина-Фасо акыры Мали менен Нигердеги аскерий хунтага колдоосун жарыялаган.

Франция 26-июлда аскерлер басып алган Нигерге бардык финансылык жардамды 29-июлда токтоткон.



Тектеш кабарлар